Кесипке багыт берүү иш чаралары

2022-03-18 10:45:44 233

Кесипке багыт берүү боюнча ОшМУнун ректорунун 08.02.2022-ж 381-ФХД/22 буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топко финансы-юридикалык колледждин кесипке багыт берүү боюнча жооптуусу окуучу Мапаев Бакыт кошулган. Алар Кара-Көл, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя, Баткен, Сүлүктү шаарларынын жана Сузак, Өзгөн,Кара-Кулжа, Ноокат, Кадамжай, Баткен,Лейлек райондорундагы 106 орто жана гимназия мектептеринде кесипке багыт берүү иштери жүргүзүлдү.Жумушчу топтун графиги боюнча ушул жылдын 1-апрелинен 28-апрелине чейин Чон-Алай,Алай,Аксы, Ала-Бука,Чаткал райондорундагы 70 мектепте кесипке багыт берүү иштери пландаштырылууда. Кесипке багыт берүү учурунда окуучуларга кесип тандоонун өзгөчөлүктөрү боюнча толук кандуу маалыматтар берилди. Видео роликтер көрсөтүлүп, атайын чыгарылган брошюра, буклет, газеталар таркатылып жатат. Мындан сырткары салтка айланган ОшМУнун “Ачык эшиктер” күнүнө карата финансы-юридикалык колледждин окутуучулары апрель айында иш планга ылайык мектептерге кесипке багыт берүү үчүн иш сапарларына чыгышат.