ФЮКта окуу-өндүрүштүк практикасы лабораториялык кааналарда уюштурулду

2022-03-23 15:52:53 197

Финансы-юридикалык колледжинин түзүлгөн 2021-22-окуу жылынын окуу процессинин жадыбалына ылайык 14-февралдан 12-мартка чейин 2-курстун студенттери окуу-өндүрүштүк практикасына чыгуу пландаштырылган. Бухгалтердик эсеп жана салык бөлүмү тарабынан “Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистигинин кесиптик өзгөчөлүгүнө байланыштуу, адистикке багытталып практикалык колдонмо иштелип, башка окуу жайлардын тажрыйбасын эске алуу менен аталган практиканын 2 жумасын колледждеги бөлүмгө тиешелүү лабароториялык кааналарда өткөрдү. Ал учурда тажрыйбалуу окутуучулар практиканын максатын жана милдеттерин, практикада калыптануучу кесиптик компетенцияларды айтуу менен кассадагы жана банктагы акча каражаттардын эсебин жүргүзүү жана аларды документтештирүү, дебитордук карыздардын эсеби жана аны тиешелүү документтерде чагылдыруу, эмгек акынын эсеби ж.б. темалардын алкагында тиешелүү баштапкы бухгалтердик документтерди студенттер өздөрү түзүшүп, үйрөнүштү. Практиканын соңунда бул пилоттук тажрыйба жакшы натыйжасын бергендиктен башка адистиктерге да пайдалануу жетекчилик тарабынан сунушталууда.