Мобилдүүлүк

2022-03-24 15:33:52 255

Мобилдүүлүк программасынын алкагында Финансы-юридикалык колледжи менен Майлуу-Суу шаарындагы Борбордук Азия колледжи менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде 24-март күнү аталган окуу жайдын 4 окутуучусу жана 60тан ашуун студенти ФЮКта болду. Келген окутуучулар ФЮКтун студенттерине сабакка кирсе, БАКтын студенттерине ФЮКтун окутуучулары сабак өтүп беришти. Андан соң студенттер үчүн экскурсия уюштурулуп ОшМУнун башкы корпусундагы музей жана маалымат борборлору менен таанышты. Жыйынтыгында БАКтан келип лекция окуган окутуучуларга сертификаттар тапшырылды.