2022-жылдын 20-апрель күнү “Бухгалтердик эсеп жана салык” ПЦКсынын “Азыркы убактагы салык кодексине кирген жаңы өзгөчөлүктөрү” аталышындагы илимий конференциясы болуп өттү.

2022-04-20 13:14:31 160

2022-жылдын 20-апрель күнү “Бухгалтердик эсеп жана салык” ПЦКсынын “Азыркы убактагы салык кодексине кирген жаңы өзгөчөлүктөрү” аталышындагы илимий конференциясы болуп өттү. Иш чараны Финансы-юридикалык колледжинин директору э.и.к. Исаков Нургазы Жолболдуевич ачып берди. Конференциянын докладчылары БЭжС ПЦКсынын окутуучусу Ы. Маманова “Азыркы убактагы салык кодексине кирген жаңы өзгөчөлүктөр жана анын экономикага тийгизген таасири”, ННК-1-19 тайпасынын студенти Мурзатаева Динара “ККМ онлайн артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү жана анын жол жоболору жөнүндө”, ЭБР-4-19 тайпасынын студенти Даминова Мадина “Освобождение от уплаты налогов” деген темаларда докладтар окулду. Жыйынтыктоочу сөздү Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн сектор башчысы Абдырай уулу Асылбек агайга берилди. Иш чара аягында ПЦК тарабынан грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.