Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү ПЦКсы илимий тегерек стол өткөрдү

2022-04-20 15:50:31 175

2022-жылдын 19-апрель күнү Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү ПЦКсы илимий жумалыкка карата “Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуунун жолдору” аттуу илимий тегерек стол өткөрдү. Иш чаранын ачылышы Финансы-юридикалык колледжинин директору Н.Ж.Исаковдун сөзү менен башталды. Жолугушууга конок болуп Ош шаарынын прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору Раимкулова А.Т. “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук тууралуу кылмыш иштердин соттук кароосунун жыйынтыктары”, “Ак-жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарийкан Асилбекова “Кризистик борборлордун үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууда жүргүзүлгөн ишмердүүлүгү, Адвокат Медетбеков К.М. “Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо адвокаттын ролу” деген темада баяндама окушту. Студенттер үчүн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле студенттер арасында УКК11-1-20 тайпасынын студенти Жолборс у Б. “Улгайган курактагы зордук-зомбулуксуз жашоо укугу”, ЮРс9-1-20 тайпасынын студенти Орозбай к Ү. “Жаш балдарга болгон зордук-зомбулуктар”, УКК-1-20 тайпасынын студенти Маматканов Ы. С. “Аялдарга карата ырайымсыз зордук-зомбулук”, УКК-2-20 тайпасынын студенти Раимжан к А. “Эркектердин зордук-зомбулукка кабылуусунун себеби эмнеде?” деген темаларда докладдар окулду. Жыйынтыгында УТ, УКИ, БДК жана АЖ бөлүмүнүн башчысы А.К.Орозбаева келген конокторго жана докладчыларга Ыразычылык кат тапшырып, ыраазычылык билдирди.