2022-жылдын 21-апрель күнү ФБИТТЭ бөлүмүнүн илимий жумалыкка карата “ Бүгүнкү бүтүрүүчү – көз карандысыз ишкер” аталышындагы бизнес- проекттердин сынагы болуп &

2022-04-26 14:10:43 186

2022-жылдын 21-апрель күнү ФБИТТЭ бөлүмү илимий жумалыкка карата “ Бүгүнкү бүтүрүүчү – көз карандысыз ишкер” аталышындагы бизнес- проекттердин сынагын уюштурду. Иш чараны Финансы-юридикалык коллежинин директору Н.Ж. Исаков ачып берди. Аталган иш чарага калыс болуп Бизнес жана Менеджмент факультетинин деканынын тарбия иштери боюнча орун басары Мадмаров Мидин Маматович, “Ишкананын экономикасы жана башкаруу” кафедрасынын окутуучусу э.и.д., доцент Жусупалиева Айнура Тургуновна, э.и.д., доцент Саматова Эльвира Эскендеровна, Аманат Исламик финансы кызматтары секторунун офис-менеджери Абдибает кызы Айнура келишти. Сынакка төмөндөгү командалар: “Кавказ Хаус”, “Лидер”, “Аманат сити”, “Убакыт”, “Наристе”, “ Sweet way”, “Алтын жөжө”, “Өнүгүү”, “Зеленая экономика”, “Золотые руки”, “Мыкты фермерлер” катышышып, жыйынтыгында 1-орунду “Убакыт” командасы женип алды. Женүүчү болгон командаларга ФБИТТЭ бөлүмүнүн башчысы Абдрахманов О.Э. 1-2-3-даражадагы дипломдорду тапшырып, окууларына ийгиликтерди каалап өттү жана келген конокторго ыраазычылыгын билдирди