Жатаканада жашаган студенттерден кабар алуу

2022-04-28 16:42:40 216

Финансы-юридикалык колледжинин жетекчилигинин демилгеси менен окуу жайдын активдери, бөлүм башчылары, ПЦК төрайымдары биргелешип 2022-жылдын 26-апрель күнү №4-жатаканада жашаган студенттерден кабар алып келишти. Студенттердин ал-акыбалы, жашоо шарттары менен таанышып, кеп кеңештерин беришип, моралдык, материалдык жактан жардам көрсөтүшүп, өздөрүнүн белектерин тапшырышты. Жатаканада жашоо шарттары бир топ жакшырып калгандыгына күбө болушкандыгын билдиришти.