ОшМУда Ачык эшиктер күнү болуп өттү.

2022-04-28 17:41:22 203

ОшМУда Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Билим майрамына Кыргызстандын түштүк регионундагы 175 мектептен 5миңге чукул бүтүрүүчү, ата-энелер, мектеп директорлору жана мугалимдер келди. Коноктор университеттеги билим берүү үчүн түзүлгөн шарттар, окуу жайдын инфраструктурасы жана адистиктер менен таанышты. Иш-чарада концерттик программа, факультет жана колледждердин көргөзмөлөрү, презентациялары көрсөтүлдү. Ата-энелердин, абитуриенттердин, чет өлкөдө окуп келген студенттердин, алдынкы студенттердин, иш берүүчүлөр жана сыймыктуу бүтүрүүчүлөр тажрыйбалары менен бөлүшүштү. ФЮК менен кызматташкан иш берүүчүлөргө иш чарага активдүү катышып бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Алар "Финка" банкынын Ош филиалынын жамааты, "KICB" банк жана "Халык" банкынын Ош филиалынын жамааты.