"Табият менен таттуу мамиледе бололу" ТТжТЭ ПЦКсы

2022-04-29 14:35:15 241

2022- жылдын 22- апрель күнү саат 11:30 да илим жумалыкка карата, Табият таануу жана товардык экспертиза ПЦКсы Био көптүрдүүлүктүн күнүнө карата “Табият менен таттуу мамиледе бололу” деген темада көргөзмө – жарманкеси болуп өттү. Көргөзмө-жарманкеде Дубал газеталар конкурсу уюштурулуп, студенттердин өз колдорунан жасалган эмгектери буклеттер, гербарийлер, экибана ж.б. көрсөтүлдү. Пайдалуу, дарылык касеттери бар өсүмдүктөр боюнча көргөзмө көрсөтүлүп, гүлдөрдүн түрлөрү боюнча ярмаркада студенттер гүлдөр боюнча маалымат беришти.