Рейтингдер боюнча ФЮКта семинар болуп өттү

2022-04-29 14:57:26 239

2022-жылдын 29-апрель күнү саат 10.00до 213-каанада ОшМУнун Улуттук жана эл аралык бөлүмүнүн башчысы Э. Т. Камалов тарабынан рейтингдерге катышуу боюнча окутуучуларга семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө университет катышып жаткан 10 түрдүү рейтингдер боюнча айтылып, алардын ар биринин өзгөчөлүктөрү белгиленди. Семинар суроо-жооптор менен коштолуп, жыйынтыгында бул жаатта жүргүзүлгөн иш аракеттерге окутуучулар тарабынан жакшы пикирлер айтылды.