Финансы-юридикалык коллеж

2015-04-10 15:22:44 260

09.04.15ж. күнү ЭБК-1-13 тайпасынын студенттери куратору Камбар кызы Жыпаргүл менен биргеликте Ош шаарындагы “Боорукердик” балдар үйүнө ишембилик өткөрүп келишти. Ошону менен биргеликте шириндиктерди алып барышып балдардын көңүлүн көтөрүштү. Иш-чаранын соңунда аталган тайпага ошол жердин өзүндө тарбиялык саат өтүлүп, ушундай коомдун аялуу катмарына дайыма жардам берүүнү салтка айландыруу демилгеси көтөрүлүп,ошол жерде тарбияланып жаткан балдар менен тез-тез жолугуп турууну чечишти.