Финансы-юридикалык коллеж

2015-04-20 16:32:44 251

2015-жылдын 16-апрелинде ФЮКтун Финансы жана Банк иши кафедрасынын окутуучусу , ФКК11-1-14 тайпасынын куратору Тойчубекова Г.К. демилгеси менен Ош шаарындагы "Алтын уя" балдар үйүнө студенттер тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү. Студенттер ,кичинекей жеткинчектердин көңүлүн көтөрүү максатында таттуулар тартуулашты жана ар бир бала менен пикир алышып , кызыктуу сүрөттөрдү тартууга аракет жасашты. Бул иш чараны салтка айландыруу максатында Студенттер ар дайым колдон келген жардамыны берип туруу керек экендигин баса белгилешти. Балдар үйүнүн жашоочулары да өз ыраазычылыктарын билдирүү менен өздүк чыгармачылык концертин көрүүгө чакырышты.