1-курстар үчүн экскурсия

2022-11-17 17:02:42 164

2022-жылдын 21-октябрь күнү ФЮКтун Финансы жана банк иши ПЦКсы тарабынан 1-курстун студенттери үчүн экскурсия уюштурулду. Иш чарада ФЮКтун директору, доцент Н.Ж. Исаков жана ФБИ бөлүмүнүн башчысы, доцент О.Э. Абдрахманов студенттер үчүн каалоо сөздөрүн сүйлөштү. Экскурсиянын чакан программасына ылайык студенттерге келечекте окутулуучу дисциплиналар, директорат жана анын мүчөлөрү, ПЦК бөлүмдөрү жана кесиптик аудиториялар менен тааныштыруу болду. Студенттерди куттуктап музыкалык окуу жайдан келген таланттуу ырчы жигит-кыздар ырларын арнашты жана атайын даярдалган фуршеттен даам татышты.