Интеллектуалдык конкурс

2022-11-22 11:33:31 231

2022-жылдын 16-ноябрь күнү ФЮКтун ФБИ ПЦКсы тарабынан Финансы (тармактар боюнча ) жана Банк иши адистиктеринин 1-курсунун студенттери үчүн тайпалар ортосунда кесиптик предметтерге кызыктыруу жана өз ишин уюштура билүү, кесиптик милдеттерди аткаруунун ыкмаларын жана жолдорун тандап алуу, алардын натыйжалуулугун жана сапатын баалоо (ОК-1) максатында “Студент келечек сенин колуңда” аттуу интеллектуалдык конкурс уюштурулду. Иш-чаранын алкагында конкурстун программасына ылайык “Адистикке киришүү” жана “Экономикага киришүү” сабактары боюнча таймаш кызыктуу болуп өттү. Иш чарага БДК-1-22 “Жамааттык менчик”, ФКК-1-22 “Капитал”, ФКР-2-22 “Дети инвестиции” жана ФКР-3-22 “Миллионеры” аталышында командалар катышышты. Конкурстун жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан жеңүүчү тайпаларга кызыктыруучу сыйлыктарды беришти жана мындай иш-чаралардын байма-бай өтүп туруусу студенттердин билимге болгон кызыгуусун жогорулатат деп баса белгилешти