ФЮК

2015-04-23 17:04:39 264

Финансы юридикалык коллежи Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы 22-апрельде Финансы – юридикалык коллежинин Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Салык жана салык салуу” адистигинин 3-курстары үчүн квалификациялык практикага жөнөтүүчү конференция болуп өттү. Конференцияда кафедранын практика боюнча жооптуу окутуучусу Б. Файзуллаев студенттер квалификациялык практика боюнча күндөлүк жана усулдук колдонмо менен тааныштырды. Ошондой эле практиканы жетектөөчү окутуучулар К. Исаков, Ч. Алимов, Н. Баетова, Г. Закирбаевалар катышты. 2014-2015 окуу жылында квалификациялык практикага чыгуучу студенттердин саны 100. Аталган конференциянын жүрүшүндө күндөлүктү толтуруу эрежелери, квалификациялык практиканы өтөө жана отчетту тапшыруу, практика учурунда коопсуздукту сактоо боюнча кеңири сөз болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Соңунда студенттер өздөрүнө түшүнүксүз суроолорду берип, толук жооп алышты.