ОшМУнун сапат бөлүмүнө ачык сабак өтүлдү

2022-12-28 11:01:09 153

2022-жылдын 26-декабрында ФЮКтун укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн башчысы, ю.и.к. Орозбаева Айнура Камиловна Кылмыш жаза укугу дисциплинасы боюнча “Менчикке каршы кылмыштар” деген темада УКК-1-20, УКК-2-20 тайпаларына ачык лекциялык сабак өттү. Ачык сабакка ОшМУнун Сапат бөлүмүнөн Былыкова М., Бакирова Ш.О., Шарабидин к. А., ФЮКтун окуу-усулдук иштери боюнча төрайымы Райимбердиева Ж.К., Укук таануу ПЦКнын төрайымы Сатылганова Н., ФжБи ПЦКнын төрайымы Муратова Ч.К. ж.б. жалпысы – 22 окутуучу катышты. Ачык сабак талкууланды жана ой-пикирлер, сунуштар айтылды. Жалпысынан айтканда, ачык сабак өз максатына жетти жана окутуучунун сабакта колдонгон усулдарын жайылтуу боюнча протокол кабыл алынды. Эжекеге бекем ден соолук, түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалайбыз.