Табият таануу циклинде методикалык семинар өткөрүлдү.

2022-12-30 11:14:25 132

Финансы-юридикалык колледжинин Табият таануу ПЦКсынын окутуучусу Беккулов М.И. 28.12.22 күнү “Бактерияларды боёо” деген темада семинар өттү. Семинарга ПЦКнын бардык мүчөлөрү катышышты. Семинарда бактериялардан азык-зат чөйрөнүн даярдалышы, Чашка Петриге куюлган азык зат чөйрөлөрдү аудторияга, коридорго, ашканага коюулушу (седиментациялык ыкма), бактерияларды Грам оң жана Грам терс жолу менен боёо жөнүндө маалыматтар айтылды. Башкача айтканда бактериялардын түрлөрү, алардын жашаган чөйрөсү, зыяны жөнүндө өтө кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар айтылды. Семинарга катышкандар: 1.Табият таануу ПЦКнын төрагасы-Сатывалдиев Д.Р. 2.Алибаев А. 3.Камбар к.Ж. 4.Эргешова Дж. 5.Кудайберди к.З. 6.Абылова Т. 7.Сагирова Н.А.