ФЮК

2015-04-30 11:46:55 271

Үстүбүздөгү жылдын 29-апрель күнү ФЮКтун, Финансы (тармактар боюнча) адистигинин ФКК-11-1-14 тайпасынын студенттери, куратору Тойчубекова Г.К. жетекчилиги менен Ош шаарынын ардактуу эс алуудагы ардагери,1941-1950-жылдары Совет эли үчүн тылда талыкпай эмгек жасаган эмгеги үчүн бир нече ордендин ээси болгон Раев К.Р. менен жолугушуп кайтышты. Жолугушууда, согуш учурундагы элдин турмушундагы кыйынчылыктар, тылдагы жаш балдардын жана кары-картаң адамдардын аткарган жумуштары, азык-түлүктүн ,жылуу кийимдердин жетишпестиги ж.б. жөнүндө кенен сөз болду. Каарманыбыз,ардактуу эс алууга чейинки убактысын, мамлекеттик кызматтарда эмгектенип, экономика, бухгалтердик эсеп багытында иштегендиктен,өз тажрыйбасын студенттер менен бөлүштү. Бүгүнкү коомго,билимдүүлөрдүн өтө керектигин баса белгилөө менен,студенттерди терең жана сабаттуу билим алууга үндөдү. img width=350 src=//www.oshsu.kg/univer/temp/url/sony/20150429_162235.jpg align=left hspace=10>