ФЮКтун сырттан окуу бөлүмүнүн бүтүрүүчү курстары өндүрүштүк практикада

2023-01-21 10:38:57 130

Финансы-юридикалык колледжинин укук таануу адистигинин сырттан окуу бөлүмүнүн бүтүрүүчү курстары 2022-жылдын 12- декабрынан 2023-жылдын 21-январына чейин өндүрүштүк практика өтөшөт. Практика учурунда студенттер укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүндө, сот жана адвакатураларда кесиптик компетенцияларын жогорулатышат. ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн окутуучусу, практика жетекчиси Алманбет Зайиров укук таануу адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн өндүрүштүк практикасы менен таанышып келди. Ош шаардык, Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүндө, Ноокат райондук сотунда практика өтөп жаткан студенттердин ишмердүлүгү менен таанышып, жолугуп, сунуш-пикирлерин укту. Ноокат райондук сотунун сот аткаруучусу Бактыбек Жанибеков практикант студенттер боюнча маалымат берип, мындан ары да практиканттарды жиберүү сунушун билдирди.