Финансы жана банк иши ,Бух.эсеп жана салык кафедралары

2015-05-13 12:13:34 267

ФЮКтун Финансы жана Банк иши жана Бухгалтердик эсеп жана салык кафедралары тарабынан уюштурулган илимий дискуссия 12-май күнү өткөрүлдү. Дискуссияда алгач ФЮКтун директору , доцент Т.Акматова жана ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, профессор Т.Жумабаева кызыктуу , илимий ачылыштар жөнүндө кеңири сүйлөп беришти. Андан кийин студенттер тарабынан уюштурулган "Кредит алуу" сценалык көрүнүш катышуучуларга тартууланды. Ага окутуучу А.Карыбеков "Салык жана анын түрлөрү" , Г.К. Тойчубекова "Мамлекеттик бюджеттин чыгашалары" жана Г.А. Каримова "Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин чыгымдалышы" деген темадагы докладдарды окушту. Берилген маалыматтар боюнча келген коноктор , студенттер жана кафедранын окутуучулары кызуу талкууга алышты жана өз пикирлерин ортого салышты. Жыйынтыгында , бүгүнкү Кыргызстандын салык системасы , структурасы , аткарылуу абалы , салыктан бюджетке келип түшкөн акча каражаттарынын сарпталышы жана бюджеттин чыгымдары боюнча кенен маалымат берилди.