ЖББДнын тилдер кафедрасы

2015-05-14 14:01:18 307

ЖББДнин тилдер кафедрасы 12-май күнү "Интерактивдүү усулдар" деген темада илимий-усулдук семинар өткөрдү. Алгач интерактивдүү усулдар боюнча кафедранын илимин иштерине жооптуу окутуучу Р.Бекмуратова слайд аркылуу теориялык маалымат берди. Андан соң доцент Б.Абдувалиева эки бөлүктүү күндөлүк усулун коллеждин окутуучулар жамаатына көрсөтүп берди. Окутуучулар иш жүзүндө усул менен иштеп көрүштү. Ошондой эле семинарда интеративдүү усулдар боюнча жасалгалар, окутуучулардын илимий-усулдук эмгектери, студенттердин чыгармачылык жана илимий иштери коюлду. Семинардын соңунда катышуучулар интерактивдүү усулдарды колдонуу окутуунун сапатын жогорулатат жана учур талабы болуп эсептелет деген жыйынтыкка келишти.