Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы

2015-05-14 16:30:09 296

Бүгүн Финансы-юрииидикалык коллежинде "Ден соолуктун сагы жакшы, Пейилдин агы жакшы" деген ураан менен “Ден соолукту чыңдоо” деп аталган иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чараны Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы уюштуруп эрте менен саат 7:30 да коллеждин директору Т.А.Акматова, ОшМУнун профсоюз уюмунун башчысы А.Аккулов аталган кафедранын окутуучулары, дирекция жамааты жана студенттер менен чогуу Дене тарбия факультетинин доценти А.Изамаматов агайдын жардамында, музыканын коштоосунда таңкы көнүгүү жасалды. Иш-чараны Т.А.Акматова ачып берип жалпы командаларга ийгилик каалады. ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы А.Аккулов да сөз сүйлөп ден-соолук күнүн өткөрүп жаткан жалпы ФЮКтун агай эжекелерин жана студенттерин майрам менен куттуктады. Спорттун волейбол түрү боюнча кыздар арасында 3 команда жана окутуучу аялдар арасында 1 команда катышты. 1-орунга салык жана салык салуу командасы ээ болду. Ал эми 2-орун экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинин кыздар командасы, 3 – орунда окутуучулар командасы ээ болду. Аталган спорт түрү боюнча балдар арасында салык жана салык салуу, экономика жана бухгалтердик эсеп, банк иши, финансы (тармактар боюнча), укук таануу, ПОВТАС адистиктеринин студенттеринен жана агайлардан түзүлгөн жалпы 10 команда катышты. Жеңүүчү командалар ардак грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.