Финансы жана банк иши

2015-05-25 11:18:34 279

21-май күнү ФЮКтун "Финансы жана Банк иши" кафедрасынын окутуучусу Муратова Чолпонайдын уюштуруусу менен 27-май бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата "Китепти ачсаң- дүйнөнү ачасың" - деген аталышта маданий иш чара болуп өттү.Иш чарага Ош МУнун илимий китепканасынын башчысы С.Мамабетова, ФЮКтун жалпы жамааты, ата-энелер, студенттер катышышты. Студенттер тарабынан даярдалган китеп жөнүндө ырлар, улуу ойчулдардын китеп тууралуу айткан даанышман ойлору, бийлер, тамашоу курама командасынын программалары тартууланды.