Финансы-юридикалык коллеж

2015-12-07 17:26:56 283

ОшМУнун финансы-юридикалык коллежинин ФКК-2-13тайпасы жана ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагасы Азирет , ОшМУнун акыйкатчысыНурсултан мырзалар менен биргеликте Ноокат районунун Н.Исанов айыл өкмөтүнө барып келдик. Иш чаранын негизги максаты1-аймак таануу, 2-өмүрү өрнөк инсандарды алардын ишмердүүлүгүн жеринде студенттерге тааныштыруу , жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, 3-профориентация иштерин жүргүзүү. Алгач Н.Исановдун эстелигине гүл коюу менен башталды жана анын элесине арналып куран окулду. Айыл өкмөт башчысы Н.Асанов абдан жылуу маанайда тосуп алды. Айыл өкмөттүн аткарган иштери, тарыхы ж.б. жөнүндө кенири маалыматты студенттер алышты. Андан сон сапарыбыз А.Чынгараев мектебинде окуучулар менен жолугушуу менен улантылды. Ал жерде башка мектептердин бутуруучу класстары да катышышты. Келген окуучуларга жана мугалимдерге Фкк-2-13 тайпасынын таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды. Окуучуларга ОшМУ тууралуу андагы адистиктер боюнча маалыматтар берилди.Студенттер андагы казылып жаткан каналдын иштерине кол кабыш кылышты. Айыл өкмөт башчысы Н.Асанов мырзага терен ыраазычылык билдиребиз.