ФЮК

2015-12-08 17:24:02 285

ФЮКтун Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы бүгүн 8-декабрь күнү ата-энелер конференциясы болуп өттү. Негизинен Экономика жана бухгалтердик эсеп, Салык жана салык салуу адистиктери боюнча окуган 2-курстун студенттеринин ата-энелери катышты. Конференцияны ФЮКтун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Н.Ж.Исаков ачып берди. Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасынын башчысы ата-энелерге коллеж, окуу процесси жана студенттердин тарбиясы, тайпанын 1-модульдун жыйынтыгы боюнча жетишүүсү, жайкы сессия боюнча кеңири маалымат берилди. Конференциянын жүрүшү концерттик программа менен коштолду.