ФМИТ кафедрасы

2015-12-17 13:23:00 287

ФЮКтун Физика, математика жана информациялык технологиялар кафедрасы тарабынан уюштурулган 15-декабрь күнү ата-энелер конференциясы болуп өттү. Негизинен ПОВТАС адистиктери боюнча окуган 2-курстун студенттеринин ата-энелери катышты. Конференцияны ФЮКтун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Н.Ж.Исаков ачып берди. ФМИТ кафедрасынын башчысы Калдыбаева Г., Мамаев С. ата-энелерге коллеж, окуу процесси жана студенттердин тарбиясы, тайпанын 1-модулдун жыйынтыгы боюнча жетишүүсү, жайкы сессия, AVN программасы боюнча кеңири маалымат берилди. Конференциянын жүрүшү концерттик программа менен коштолду.