ЖББТТ кафедрасы

2015-12-17 17:29:02 284

ОшМунун Финансы-юридикалык коллежинин Жалпы билим берүү дисциплиналарынын табият таануу кафедрасында 8-декабрь күнү “Табияттын өзгөчө кырдаалдарына даярсызбы” деген темада жыйын болуп өттү. ЖББДТТ кафедрасынын башчысы б.и.к.,доцент Г.Садыкова учурдагы болуп жаткан өзгөчө кырдаалдар боюнча кеңири маалыматтарды алуу үчүн атайын жыйын уюштурулганын белгилеп өттү. Жыйынды ачуу үчүн Финансы-юридикалык коллежинин тарбиялык иштеринин орун басары э.и.к., доцент Н.Исаковго сөз берилди, ал Кыргызстандын түштүк аймагында болуп жаткан жер титирөө жана башка табигый кырсыктардын себептерин жана жер титиреп жатканда кантип сактануунун жолдору жөнүндө кеңири маалымат алып студенттер билип үйрөнүү үчүн эң мыкты жыйын уюштурулуп жаткандыгын ЖББДТТкафедрасынын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип өттү. Ошондой эле ОшМУнун “Үмүт” телевидениясы да катышты. ЖББДТТ кафедрасынын башчысы б.и.к, доцент Г.Садыкова Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү жарандык коргоо адистигин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедарасынын башчысы, подполковник Садиков Давран Турсунбаевич менен тааныштырды, подполковник Садиков Давран Турсунбаевич ОшМУнун Фининсы-юридикалык коллежинин эмгек жамааты жана студенттерине учурдагы болуп жаткан өзгөчө кырдаалдар боюнча кеңири маалыматтарды берди. Кыргызстандын түштүк аймагында болуп жаткан жер титирөөлөр жана башка табигый кырсыктардан сактануунун жолдорун үйрөтүү менен биринчи медициналык жардам берүүнүн жолдору менен тааныштырды. Студенттер бул жыйында кеңири маалымат алганын суроолор берилип кызыктуу жыйын болду. Жыйындын соңунда ЖББДТТкафедрасынын башчысы б.и.к. Г.Садыкова, подполковник Садиков Давран Турсунбаевичке финасы-юридикалык коллежинин эмгек жамаатынын атынан ыраазычылык билдирип, мындан ары да элдин бейкутчулугун камсыздоодо, элибиздин жаркыраган жашоосунун туруктуулугуна өз билимин, күчүн аябаган патриот эр азаматтарды даярдай беришиниздерди, жамаатыныздарга албан ийгиликтерди, ынтымак ырашкерликти, журтубузга бейпилдикти каалап “Ыраазычылык кат” менен сыйлады.