ФЮК

2015-12-22 15:37:36 283

Бүгүн 22-декабрда Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы 2-курстун Экономика жана бухгалтердик эсеп, Салык жана салык салуу адистиктерине Окуу-өндүрүштүк практикага жөнөтүү боюнча конференция өткөздү. Аталган конференциянын жүрүшүндө студенттерге коопсуздук эрежелери, кундөлүктү толтуруу жана практика учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери боюнча кеңири маалымат берилди. Иш-чарага аталган адистиктен жалпы 12 тайпа жана кафедранын жалпы окутуучулар жамааты катышты.