ФЮК

2016-02-19 10:12:43 280

height="90"alt="" align=left> 2016-жылдын 16-февраль күнү Финансы-юридикалык коллежинин Аялдар кеңешинин төрайымынын жетекчилиги Г.Тойчубекованын астында ЭБК-1,2,3-13 тайпаларынын студенттеринин катышуусунда:”Кыргыз кыздары –кечээ,бүгүн жана эртең” аттуу маданий иш -чара өткөрүлдү.Бул иш чарада негизинен кыргыз кыздарынын кечээки бүгүнкү жана эртеңки күндөгү жүрүм-турум маданияты тууралуу талкуу болду.Ошону менен катар ,энени даңктаган ыр созолонуп ,катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.Бул иш -чарада көрсөтүлгөн сахналык көрүнүштөр,көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толду.ФЮКтун директору,доцент Т.Акматовна студенттердин жүрөгүнөн орун алчу өзүнүн мыкты насааттарын айтып ой бөлүштү жана бул маданий иш -чаралар студенттерге бүгүнкү күндө өтө керек жана көбүрөөк өтүлүш керек экендигине басым жасады.