Финансы-юридикалык коллеж

2016-02-26 14:47:22 284

25-февраль күнү Финасы-юридикалык коллежде педкеңеш болуп өттү. Окуу иштери боюнча директордун орун басары К. Исаков жана илимий иштер боюнча А.Жороевалар жарым жылдык боюнча отчет беришти. Ошону менен бирге эле Тарых жана маданият жылына карата "Кыргыз автономиялуу жылдарда", "1916-жылы кыргыз элинин боштондук көтөрүлүшү" аттуу темаларда т.и.к.,профессор Т.Кадыров жана т.и.к., доцент С.Смадияровдор кызыктуу доклад жасашты. Ал доклад окутуучулар тарабынан кызыктуу дисскуция жаратып, тарыхтагы белгилүү инсандардын иш аракеттери жөнүндө айтылды.