Тарых келечектин күзгүсү

2016-03-04 16:47:52 269

4-март күнү Финансы жана банк иши кафедрасы "Тарых-келечектин күзгүсү" аттуу конференция өткөрүштү. ФЮКтун директору, доцент Т.Акматова кафедра башчы Асилбек кызы Жыпара катышышты. Студенттерден ЭБК, БДР-3-13, БДК-1-13 тайпалары катышышты. Финансы жана банк иши кафедрасынан окутуучулар доклад окушту. Тойчубекова Гүлдана Үркүн - "Улуттук боштондук күрөшүнүн келип чыгуу себептери" деген темада , Каримова Гулмира "Үркүн кандуу кагылыш" деген темада, Муратова Чолпон "1937-жыл. Репрессия жылдары. Ата - Бейит баяны" деген темада докладдарды окушту. Акырында студенттер менен теманы катуу талкуулашты.