ФМИТ кафедрасы

2016-04-11 16:49:20 292

Тарых жана маданият жылына арналган илим жумалыгынын алкагында ФМИТ кафедрасы өндүрүш менен байланышты күчөтүү максатында “Мыкты программист-кең келечекке айкын жол” деген темада ПОВТАС адистиги боюнча билим алып жатышкан студенттер менен өндүрүштө эмгектенип жаткан алдынкы программисттер ОшМУнун МИТ факультетинин Программалоо кафедрасынын доценти Сатаров А., ОшМУнун Медиа борборунун инженер-программисти Эгешов А., жана Ош Пирим телеканалынын техникалык менеджери Базарбаев Ш. менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга келген коноктор өздөрүнүн иш тажрыйбалары жөнүндө кеңири маалымат берүү менен студенттердин болочок кесибине болгон кызыгууларын арттырды. Ушул эле күнү ФМИТ кафедрасынын улук окутуучусу Шарип кызы Акибат “Математикалык сармерден” кыз-жигиттер айтышын өткөрдү.