Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы

2016-04-12 16:49:18 290

Бүгүн 12-апрельде бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы Заманбап билим берүүдө теория менен практиканын толук айкалышуусу учурдун талабы деген аталыштагы илимий-усулдук конференция өткөздү. Конференциянын жүрүшүндө төмөндөгүдөй баяндамалар окулду: “Бүгүнкү орто кесиптик экономика жана бухгалтердик эсеп адистигин даярдоодогу маселелер” доцент Т.Ө.Атантаев “Бүгүнкү орто кесиптик салык адистерин даярдоодогу жетишкендиктер жана кемчиликтер” окутуучу Н.Б.Баетова “II курстардын окуу-таанышуу практикасынын жыйынтыгы” практика боюнча жооптуу, окутуучу Б.Ж.Файзуллаев ЭБК11-1-15 тайпасынын студенти Юсупова Гулмира Ош шаардык салык башкармалыгы боюнча маалымат П.Ж.Кожобекова, Н.Т.Айтбаева ЗАО Темир-Таш ишканасы боюнча маалымат А.К.Алимов, Н.Б.Баетова, К.А. Исаков Саламат Корпорациясы боюнча маалымат Г.Т.Закирбаева, Б.Ж. Файзуллаев, А.Н.Стамбекова. Ошондой эле төмөнкү коноктор чакырылды: 1) ОшМУнун өндүрүштөр менен байланыш департаментинин директору; п.и.к. Т.К.Матикеев 2) Ош шаардык Салык башкармалыгынын Окутуу жана түшүндүрүү секторунун башчысы ; Т.Токтосунов 3) Ош шаардык Салык башкармалыгынын ага инспектору; Абдырай уулу Асилбек 4) Ош шаардык статистика башкармалыгынын башкы бухгалтери; А. Т. Амирбаева 5) ОсОО Алимбек-Ата ишканасынын башкы бухгалтери; Б. Закиров 6) Ош-Сарыташ-Иркештам авто жолдор башкармалыгынын бухгалтери У.Садыков 7) ЗАО Темир-Таш ишканасынын материалдык бухгалтери, ФЮКтун бүтүрүүчүсү С.Абдимиталипов 8) Саламат Корпорациясынын бухгалтери, ФЮКтун бүтүрүүчүсү А.Жакыпова Баяндамалар окулган соң келген эксперттер өз ой пикирлерин төмөнкүдөй билдиришти. Адистиктердин бүгүнкү алып жаткан билимдеринин практика менен айкалышы, бүтүрүүчүлөрдүн рынок талабына жооп берүү деңгээли ж.б. суроолордун айланасында талкуу жүрдү. Жыйынтыгында ФЮКтун Бухгалткрдик эсеп жана салык кафедрасы менен практиканы уюштурууда тыгыз иш алып барган ишкана жетекчилерине ыраазычылык кат берилди.