ФЮК

2016-04-19 15:34:29 273

3-апрель “Бухгалтерлердин кесиптик күнүнө” карата уюштурулган Финансы-юридикалык колледжинин, II курстарынан түзүлгөн “Биздин мыкты адистер” аттуу майрамдык кече “БЭжС” кафедрасы тарабынан уюштурулду. Майрамдык кечени ФЮК директору доцент Т.Акматова ачып берип, мугалимдерди жана студенттерди кызуу куттуктады. Жалпысынан беш команда беш сценарийдин негизинде даярданышып кафедра тарабынан ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. I орун “БСД” командасы II орун “Баланс” командасы III орун “Активдүү счеттор” командалары ийгиликтүү орундарга жетишти калган эки командалар ардак грамоталар менен сыйланышты.Кеченин жыйынтыгында “БЭжС” кафедрасынын окутуучусу Н.Баетова жана окуу-тарбия иштеринин директордун орун басары А.Маликовдор командаларды куттукташып акчалай сыйлыктарды тапшырышты.