Футбол

2016-11-18 18:12:31 285

17-ноябрь студенттердин Эл аралык күнүнө карата 16-ноябрь күнү студенттерди сергек жашоого үгүттөө максатында ФЮКтун тайпалары ортосунда футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Таймашка жалпысынан 20 команда катышып, анын 8 командасы чейрек финалга чыгышты. Финал жогорку деңгээлде өтүп, жыйынтыгында ПР2-16 тайпасы 1-орун, ННК-1-15 тайпасы 2-орун,ФКК11-1-16 тайпасы 3-орунду ээлешти. Жеңүүчү командалар, мыкты оюнчулар дирекция тарабынан даярдалган дипломдор менен сыйланды.