ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин студенттери дарыгерлер менен жолугушту

2016-11-29 17:32:38 273

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата ФЮКтун жалпы 1-курстарына (9-11-кл. базасына) түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында атайын адистер менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга дарыгерлер ОшМУнун ден-соолукту чыңдоо борборунун башчысы Н.Конобаев, СПИДке каршы күрөшүү борборунан Д.Шайдиев, жугуштуу ооруулардын алдын алуу бөлүмүнөн С.Назаров, наркологиялык диспансерден М.Орозкуловалар келип, лекция окуп, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. .