Дирекция менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү

2016-11-29 17:38:11 268

2016-жылдын 29-ноябрь күнү ФЮКтун директору, доцент Т. Акматова жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары К.Исаков, А.Маликов, К.Ашимов жана кураторлор Б.Амиркулова, У.Ымановдор, студенттер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда окуу процессинин жүрүшү, модулдарды тапшыруунун эрежелери, кышкы сессиянын жүрүшү жана тартип боюнча маселелер каралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле студенттер тарабынан берилген көйгөйлүү суроолорго коллеждин директору жана орун басарлары жооп беришти. Жыйынтыгында доцент Т.Акматова студенттердин окууларына ийгилик каалап, сессияларды жакшы бааларга тапшырышына тилектештигин билдирди.