Стейк-холдерлер менен жолугушуу.

2016-12-12 10:16:31 563

2016-жылдын 9-декабрь күнү саат 13:00дө 213-аудиторияда Укук таануу кафедрасынын окутуучулары тарабынан стейк-холдерлер менен студенттерде кесиптик компетенттүүлүктү калыптандыруу максатында жолугушуу уюштурулуп өткөрүлдү. Жолугушууга: 1. Ош шаардык сотунун судьясы – Акматов Абдималик Алиевич 2. Ош облусунун адвокаттык коллегиясынын ЮК-3 жетекчиси – Аманова Сонун Дуйшеевна 3. Ош шаардык №1 адвокаттык кенсенин адвокаты – Ташбаев Айбек 4. ОшМУнун өндүрүш менен байланыш департаментинин диретору – Матикеев Талант Матикеевич 5. Түштүк-батыш регионалдык командалыгынын колбашчысынын укук тармагынан жардамчысы, юрисконсульт, подполковник Мырзаев Данияр келишти. Студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти. Жооптуу: Укук таануу кафедрасынын улук окутуучусу Мадаминова Дилорам Полотбековна.