“Компетенттүүлүк мамиле менен кесипкөй адистерди даярдоо”

2016-12-26 11:30:50 270

Иш берүүчүлөр менен жолугушуу 2016-жылдын 22-декабрь күнү саат 11:00дө 213-аудиторияда ФМИТ кафедрасы тарабынан “Компетенттүүлүк мамиле менен кесипкөй адистерди даярдоо” деген темада иш берүүчүлөр менен конференция болуп өттү. Конференциянын негизги максаты ПОВТАС адистигинин НББПсун талкулоо жана иш берүүчүлөрдүн НББПго карата сунуштарын эске алуу. Иш берүүчүлөр менен биргеликте кызуу талкуу болуп өттү. Жолугушууга: 1. ФЮКтун директору п.и.к., доцент Акматова Т.А. 2. ФМИТ кафедрасынын башчысы ф.м.и.к., доцент Калдыбаева Г.А. 3. Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Кыштообаев О.Т. 4.Кыргызтелеком ААК маалыматтык техникалык камсыздоо тобунун начальниги Мамытов Э.Ш. 5. Газпром Кыргызстандын Оштогу филиалынын инженер-программисти Матраимов Ф.К. 6. Азия банктын IT-адиси Асилов З.А. 7. ОшМУнун Окуу информациялык департаментинин башкы адиси Ибраимов Т. 8.ОшМУнун ИТАС кафедрасынын башчысы ф.м.и.к., доцент Чамашов М 7. ОшМУнун өндүрүш менен байланыш департаментинин директору – Матикеев Т.М. Иш берүүчүлөрдүн НББПга карата өздөрүнүн сунуштарын айтышты жана студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп беришти.