Финансы - юридикалык коллежинин студенттери менен Ош ШИИБнын кызматкерлеринин жолугушуусу уюштурулду.

2017-02-15 14:11:21 299

2017-жылдын 14-февраль күнү саат 10:30да Ош ШИИБнын “Ак-Буура” МБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү, милициянын капитаны Матиев Жолдошбек Джумабаевич менен финансы - юридикалык коллежинин студенттеринин жолугушуусу уюштурулду. Жолугушууда - расмий маалыматка караганда, соңку бир ай ичинде өлкөдө 16 өспүрүм жанын кыйгандыгы тууралуу, жаш өспүрүмдөрдүн арасында өзүн-өзү өлтүрүүгө алып келишине мүмкүн боло турган “Синий кит”, “Тихий дом” сыяктуу кооптуу интернет оюндары жөнүндө кеңири маалымат берди жана студенттерди ал оюндан оолак болууга чакырды. Ошондой эле тайпа кураторлору студенттердин ата-энелери менен байланышып, балдарынын социалдык тармактардагы аракеттерин байкап, көзөмөлгө алуусун сунуштады. Ошону менен бирге студенттердин берген суроолоруна жооп берди.