Окуу жай менен ата-эненин кызматташуусу – студенттин жаркын келечеги

2017-02-20 16:21:48 282

18-февраль күнү Финансы-юридикалык коллежинде “Окуу жай менен ата-эненин кызматташуусу – студенттин жаркын келечеги” аттуу ата-энелер конференциясы болуп өттү. Конференция “Адеп, ыйман жана маданият” жылына карата жана Көз карандысыз аккредитациянын талаптарына ылайык жогорку деңгээлде уюштурулуп жалпысынан 207 ата-эне катышты . Конференциянын пленардык бөлүмүндө Ош мамлекеттик университетинин ЖОЖдорго чейинки даярдоо департаментинин директору, б.и.к, доцент Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич ачып, ата-энелер менен байланышты күчөтүү учурдун талабы экенин айтып, ата-энелерди конференцияга активдүү катышууга чакырды.Ректораттан өкүл катары Магистратура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д,профессор Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна да катышты. “Финансы-юридикалык коллежинин өнүгүү багыттары жана милдеттери” деген баяндамасы менен Финансы-юридикалык коллежинин директору, п.и.к., доцент Акматова Тамара Акматовна,“Заманбап билим берүүдө маалыматтык технологияларды колдоно билүү” деген баяндамасы менен ФЮКтун окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Маликов Алтынбек Азизбекович,“Көз карандысыз аккредитация-бүгүнкү күндүн талабы”деген баяндамасы менен Бухгалтердик эсеп жана финансы кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Исаков Нургазы Жолболдуевич,“Адистиктерди даярдоодо, максаттарды туура аныктоо-жакшы натыйжанын өбөлгөсү” деген баяндама менен ФЮКтун Окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Осмонова Айгул Абдылдаевналар доклад жасашты. Андан кийн ата-энелер уюштурулган төрт секцияга бөлүнүшүп,адистиктер боюнча бөлүнгөн мадераторлор жемиштүү жыйынтык чыгарышты.Соңунда уюштурулган иш-чарага ата-энелер ыраазычылыгын билдиришти.