Финансы- юридикалык колледж

2014-04-11 15:44:06 246

Финансы юридикалык колледжинин Бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасы 3-апрель Бухгалтерлердин кесиптик күнүнө карата “Биздин мыкты адистер” аттуу КВН өткөрдү. КВНде 5 команда катышты алар: Баланс 1 (Бухгалтерлер), Баланс (Финансистер), ФКБ (Банкирлер), Салыкчылар жана Финики. Калыстар тобунун төрайымы ФЮКтун директору, доцент Т.А. Акматова, мүчөлөрү ФЮКтун директорунун окуу иштери боюнча орун басары Ж.Н. Исаков жана ФЮКтун директорунун контракт иштери боюнча орун басары М.Чыналиевалар болушту. Негизинен КВНде командалар саламдашуу, адистиктердин ишмердүүлүгүнөн бир көрүнүш, разминка, суроо жооп, өнөрүң болсо өргө чап сыяктуу номерлер боюнча ат салышты. Жыйынтыгында 72 упай менен Баланс 1 командасы жеңишке жетишти, ал эми Баланс 69 упай менен экинчи, ФКБ 68 упай менен үчүнчү орунду ээлеп грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Ошондой эле иш-чаранын соңунда студенттер үчүн лотерея уюштурулуп, баалуу белектер ойнотулду.