ФМИТ кафедрасы кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүштү

2017-04-24 17:27:48 271

Физика, математика жана информациялык технологиялар кафедрасынын окутуучулары Усманова Наргиза, Сулайманов Завур, Акназарова Сүйүмкан жана Абдинаби уулу Эркин 21-апрель күнү Араван районунун, Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу №5 Т.Исмаилов жана №4 Мырза Улукбек атындагы орто мектептеринин окуучуларына кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүшүп келишти. Окутуучулар окуучуларга ОшМУ жана ФЮК жөнүндө терең маалымат беришип, 11-майда өткөрүлүүчү ОшМУнун билим күнүнө карата ачык эшигине чакырышты.