ФМИТ кафедрасы “Программист дүйнөнү башкарат” аттуу студенттик илимий конференция өткөрдү.

2017-04-28 11:35:10 281

27-апрель күнү Физика, математика жана информациялык технологиялар кафедрасы ПОВТАС адистигинин студенттери үчүн “Программист дүйнөнү башкарат” аттуу студенттик илимий конференция өткөрүштү. Конференцияга ФМИТ кафедрасынын башчысы, доцент Калдыбаева Гүлжамал, ФЮКтун илимий иштер боюнча директорунун орун басары Жороева Айсулуу, ФМИТ кафедрасынын улук окутуучусу Шарип кызы Акибат, ФМИТ кафедрасынын окутуучулары Акназарова Сүйүмкан, Мамаев Самарбек, Абдинаби уулу Эркин жана ПОВТАС адистигинин студенттери катышты. Студенттер төмөнкү темадагы доклаттарды окушту: 1. Интернет жана анын бүгүнкү күндөгү орду 2. Жаңы замандын уурулары-хаккерлер 3. Эгемендүү Кыргызстандагы экономикалык, социалдык чөйрөдөгү байланыштары 4. Вирус жана антивирустар