ФЮКда иш-чара болуп өттүү

2017-04-28 15:33:43 265

2017-жылдын 28-апрели күнү Финансы-юридикалык коллежинде Бухгалтердик эсеп жана Финансы кафедрасы тарабынан илимий жумалыктын алкагында уюштурулган иш-чара болуп өттү. Иш-чараны кафедранын илимий иштер боюнча жооптуусу Г.Тойчубекова алып барды. Уюштурулган иш-чараны коллеждин директору, доцент Т. Акматова ачып берди. Илимий жумалыкка конок болуп келген ОшМУнун Илим жана Аспирантура бөлүмүнүн башчысы ф.м.и.к. Г.Анарбаева өз сөзүндө илим жаатындагы маалыматтардан айтып берди. Кийинки кезек баяндамачыларга берилди. Баяндамалар окулгандан соң, берилген маалыматтар боюнча студенттер жана кеченин коноктору кызуу талкуулашты. Учурдагы жана иш-чаранын актуалдуу темасына айланган “Туризмди өнүктүрүү” боюнча маалыматтар өтө таасирдүү болгондугун катышуучулар баса белгилешти.