2017-04-29 13:31:38 253

Ислам жана террорчулук «2017-жыл – ыйман, адеп жана маданият» жылына карата илим жумалыгында ФЮКтун ЖББДнин тилдер кафедрасынын окутуучусу Бекмуратова Рахат «Ислам жана террорчулук» деген темада УКР-3-16, УКР-4-16, УКК-2-16 тайпалары менен биргеликте төгөрөк стол өткөрдү. Ага укук таануу кафедрасынын улук окутуучусу Басиров Рахматулла катышып студенттер менен ой бөлүштү. Анда азыркы учурдагы дүйнөдөгү террорчулуктун кесепеттери жана аны кантип жоюу боюнча талкуу жүргүзүлдү. Бул иш-чарага коллеждин илимий иштер боюнча директордун орун басары Жороева Айсулуу жана окутуучулар – Апышова Замира, Пазиева Аида, Кокчаев Канат катышышты.