Согуштун ветераны менен жолугушуу

2017-05-04 10:53:17 265

3-май күнү Финансы-юридикалык коллежинин 2-курсунун “Укук таануу” адистигинин УКР11-4-16 тайпасы кураторубуз Ахунжанова Жылдыз эжеке менен биргеликте Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Константин Петрович Яворскийдин үйүнө барып келдик. Биздин ардагер согуштун ветераны константин Петрович 93жашта экен. Ардагерибиз бизди көрүп аябай кубанды...биз Константин Петровичке: “Спасибо дедушка за победу, за жизнь которую вы нам подарили” дегенде ал киши көзүнө жаш алып жиберди. Эжекебиз менен биргеликте Константин Петровичтин көңүлүн ачып маектешип, ырдап да бердик. Чындыгында баарыбыз өтө толкунданып кайттык. Константин Петровичке узун өмүр, чы ден-соолук каалайбыз.