Финансы-юридикалык колледж "Билим майрамында"

2017-05-15 14:48:34 271

Ош мамлекеттик университетинде 11-май күнү университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган “Билим майрамы” өткөрүлдү. “Билим майрамы” аттуу аземге финансы-юридикалык колледждин окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты. Майрамга мектеп бүтүрүүчүлөрү катышып, кесип тандоо боюнча кеңири маалымат алышты. Ошондой эле ОшМУ жана финансы-юридикалык колледж тууралуу маалыматтар таратылды.