ФЮКтун Бүтүрүүчүлөр ассоциациясын уюштуруу жана жолугушуу жыйыны...

2017-06-13 16:49:04 278

2017-жылдын 10-июнь күнү Финансы-юридикалык колледжинин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын уюштуруу жана жолугушуу жыйыны болуп өттү. Жыйынга: ЖОЖдорго чейинки даярдоо департаментинин директору, б.и.к.,доц. Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич – ОшМУнун проректору, ОшМУнун Карьера борборунун жетекчиси Жакыпова Гулмира Мамадалиевна, бүтүрүүчү 3-курстардын ата-энелери, ФЮКтун окутуучулары, бүтүп кеткен жана бүтүрүүчү студенттери катышышты. Артыкчылык диплом менен бүткөн студенттердин ата-энелерине ыраазычылык каттарды Ош МУдан келген меймандар тапшырышты. Бүтүрүүчү кафедралардын башчылары студенттерге ийгиликтерди каалашты.