“Адам адеби менен адам” аттуу иш- чара

2017-11-08 16:41:41 281

31-октябрь саат 15:00дө “Адамгерчилик жана адамгерчилик сапатты өнүктүрүү” жылына карата ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин “Бухгалтердик эсеп жана финансы” кафедрасы тарабынан студенттерди билим алууга, адептүүлүккө, ыймандуулукка жана адамгерчиликке тарбиялоо максатында, “Адам адеби менен адам” аттуу иш- чара уюштурулду. Иш-чарада, студенттер менен Ош шаарынын Казыятынын казысы, Убайдулла ажы Сарыбаев жана казыяттын катчысы, Абдырахманов Канатбек жолугушту. Жолугушууда казы Убайдилла ажы Сарыбаев студенттерге адептүүлүк сапаттары, ата-энени сыйлоо, студенттер менен окутуучулардын ортосундагы мамиле жана адемгерчилик тууралуу кызыктуу жана тарбиялык мааниси өтө терең болгон лекция окуду. Катышкан мугалимдер жана студенттер өтүлгөн иш чараны өтө жогорку деңгээлде өткөндүгүн, өздөрүнө керектүү маалыматты алгандыгын жана дагы ушундай иш-чаралар дагы көп уюштурулса деген ойлорун ортого салышты.